Ош облусунун Манас көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрү жаңыланды
Ош облусунун Манас көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрү жаңыланды
«Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалы тарабынан 2023-2024-ж.ж. жылуулук менен камсыздоо мезгилине даярдыктарды көрүү, отканаларды, отказандарды, негизги жана жардамчы жабдууларды утурумдук оңдоп түзөө иштери бекитилген иш мерчемге ылайык, белгиленген мөөнөттө жүргүзүлдү.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылды.
1) Араван участкасында: Жаңы суу айландыргыч сордургуч ортнотулду. №1,2,4 отканалар толугу менен жылуулук мезгилине даяр.
2) Кара-Суу участкасында №8;13 отканаларда: №8 отканада 2 даана Энергия тибиндеги отказандар жылуулук мезгилине капиталдык оңдоодон өттү; - откананын электр мантаждоо жумуштары жүрдү; - откананын кызматкерлерге шарт түзүү максатында жуунучу жай оңдолуп, откананын ичине бетон төшөлдү; - Аматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө Д-89мм болгон 50м жылуулук түтүгү тартылды.
3) Өзгөн участкасында : №10 откана реконструкциядан өтүп, 1 дааана отказан жылуулук мезгилине кошумча даярдалды; - Манас көчөсүндөгү Д-159мм 36м, Д-100мм 150м, Д-89 30м жылуулук түтүктөрү жаңыланды.
4) Ош участкасы: №14 откананын мазут бөлүштүрүүчү жай оңдоодон өтүп, мазут сактоочу челек жылуулук мезгилине даярдалды.
5) Кызыл-Кыя участкасы: 3 даана отказан жылуулук мезгилине даяр. Азыркы учурда, №11 отканада Луга тибиндеги отказан жылуулук мезгилине кошумча даярдалып жатат. Ошондой эле, №30 откананы пландык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүүдө.