Балыкчы жылуулук ишканасында калкка жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө

21.11.2023

Балыкчы шаарында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын буйругунун жана шаардык мэриянын тескемесинин негизинде 1-ноябрдан 12-ноябрга чейин бардык отканалар ишке киргизилип, жылуулук толук берилүүдө.

Жакшы жаңылык, алгылыктуу иш катары №10 “Военкомат” отканасындагы толук кандуу оңдоп-түздөө иштерин айтсак болот. “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын жетекчиси Мирлан Мамадалиевдин айтымында учурда аталган откананын имаратынын дубалынын түбүнө үйүлүп, кирпичтерин чиритип баштаган 30 жылдан берки чогулган таштандыларды чыгаруу, тешиктерди бүтөө, ичине жарык берүүчү терезелерин кеңейтүү жумуштары аткарылып, тегерегин курчоо жана жаңы дарбаза коюу иштери жүрдү.

№10 “Военкомат” отканасы аркылуу 220 батирден турган 4 көп кабаттуу турак үйлөр борбордук жылуулукка кошула тургандыктан, откананын кубаттуулугун жогорулатуу максатында 2 даана “Луга” үлгүсүндөгү отказандар орнотулуп, вертикалдуу циркуляциондук соргучтар коюлуп, толугу менен ички системасы реконструкцияланды.

Буга чейин бардык отканаларда соргучтардын кыймылдаткычтарын оңдоо жана кайра карап чыгуу, жылуулук түйүндөрүндө жылуулук алмаштыргычтарды монтаждоо, отказандардын барабандарын тазалоо, аккумулятордук челектерди оңдоо, бекитип жөнгө салуучу тетиктерди (ЗРА) оңдоо жана орнотуу, туз чарбасында техникалык тузду түшүрүү, жыйноо сыяктуу көптөгөн иштер жүргүзүлгөн.

“Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын структуралык филиалы болуп эсептелинет. «Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалы учурда 7 откананы – 1 көмүр, 4 толук электр энергия, анын ичинен 1 электр энергия жана мазут жана 2 мазут менен иштетип келет.

Ишканага караштуу жер астындагы түтүктөрдүн узундугу 8883,5 метрди түзөт. Учурда бардыгы болуп 87 үй, 2650 кардарды жылуулук берип тейлеп келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости