Энергетика министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү

27.01.2024

Бүгүн, 2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Нургазиев Улугбек Уланович, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана министрликке караштуу мекемелердин, энергетикалык компаниялардын, алардын филиалдарынын жетекчилерин катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2023-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыктары жана 2024-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды.

Ошондой эле жарандардын кайрылууларынын аткарылышы, 2023-жылдын 28-октябырындагы Коллегиянын чечиминин аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Коллегияга “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы тарабынан башкы директор Джусупбеков Болот Джаныбекович катышты.

“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин 2023-жылы аткарылган иштери жана 2024-жылга карата пландары тууралуу маалымат айтылып,талкууланды.

Белгилей кетсек ишкананын алгылыктуу иштеринин алкагында 2023-жылы көптөгөн жакшы иштер аткарылды.

Андан сыткары Каракол,Балыкчы,Таш-Көмүр шаарларындагы иштебей турган отканалар ишке киргизилди.

2023-жылы “Кыргызжылуулукэнерго”мамлекеттик ишканасынын абоненттеринин саны 6937 абонентке көбөйгөн.

Дагы мактана турчу ишибиз бул-электр энергиясын үнөмдөө максатында кылынган иштер болуп саналат.

Ошондой эле , «Кыргызжылуулукэнерго» МИси Нарын облусунда 5 электр откананы көмүргө которгон, 6 бюджеттик мекемелерди жана Таш-Көмүр, Каракол, Балыкчы ЖКИ жалпысынан 700 абоненттерди борборлоштурулган жылытуу тармагына кошкон. Электр энергиясын үнөмдөөдө 29,417 млн. кВт/с, же 46,72 млн. сом үнөмдөлгөн.

Ишканада мындан сырткары дагы көптөгөн иштер аткарылды.Бүгүнкү күндө жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости