Майрамыңыздар менен, Ардактуу асылзат айымдар!

08.03.2024

Урматтуу айымдар!

Сиздерди 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктайм! Акылдуу, кесипкөй, жоопкерчиликтүү, ошондой эле сулуу, таасирдүү жана позитивдүү, жагымдуу, достук атмосфераны түзүп, катаал жумуш күндөрдү сулуу жаркыраган жылмайып турган жүзүңүздɵр менен тозуп алып кооздобогондо, биздин ишибизде мындай ийгиликтер болмок эмес. Бул албетте сиздердин катышуусуңуздар менен!

Жаратылыш аялзатына сулуулук жана руханий назиктик, турмуштук акылмандык жана чыдамкайлык тартуулаган.

Үй-бүлө очогунун сакчысы болуп, кесиптик бийиктиктерди багындырып, илимде, искусстводо, спортто көрүнүктүү ийгиликтерге жетишип, бизнес менен ийгиликтүү алектенип, коомдук-саясий турмушка катышып келесиздер.

Аялдардын бейпилдик үчүн кам көрүү сыяктуу сапаттары үй-бүлө үчүн да, бүтүндөй мамлекет үчүн да маанилүү, алар гуманизм менен сугарылган акылдуу чечимдерди кабыл алуунун ачкычы болуп саналат.

Урматтуу апалар,айымдар,эжелер,карындаштар Сиздерге сулуулук, сүйүү, баардык нерседе ийгилик каалайм, иштериңиздер ийгиликтүү болсун, үйүңүздөрдɵ ар дайым бакыт нуру жанып турсун.

Кыргызстаныбыздын мындан да жакшы, ийгиликтүү, гүлдөп өсүшүнө жардам берип келесиздер.Сиздер бар мамлекет ɵнүгүп ɵсɵ бермекчи.

Урматтуу айымдар!

Дагы бир жолу сиздерге ден соолук, бакубатчылык, руханий гармония жана жазгы маанай каалайм!

Майрамыңыздар менен, Ардактуу асылзат айымдар!

 

Другие новости

Все новости