Талас ишканасында жылуулук берилди

11.11.2023

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишкансынын Талас ишканасында 10-ноябрьдан баштап жылуулук берилди.

Бүгүнкү күндө ишкананын карамагында 6 откана бар, анын ичинен 1 откана мазут отуну менен 5 откана көмүр отундары менен иштетилет. Жер астындагы иштеп турган түтүкчөлөрдүн жалпы (эки тараптуу эсептөөдө) узундугу 9139,60 метрди түзөт.

Отканалар жалпысынан - 1336 кардарды жылуулук менен камсыздайт. Анын ичинен 1243 калк , 11 бюджеттик мекемелерди жана 82 коммерциялык мекеме-уюмдарды жылуулук менен камсыздайт.

“Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында бүгүнкү күндө 2023-2024жж. күз-кыш мезгилине карата төмөндөгүдөй оңдоп-түзөө иштери аткарылган.

Отканаларда сордургучтар, жел үйлөгүчтөр, желдеткичтер, откананын мазуттук чарбасындагы запордук арматуралары жана отканага тиешелүү жылуулук түтүкчөлөрүн оңдоп-түзөө иштери аткарылып жана откананы актап-сырдоо иштери жүргүзүлгөн.

Пландын негизинде мазутту кабыл алуу мезгилинде чыгымдарды азайтуу максатында отканага буу отказанын орнотуу иштери каралып, көмүр менен иштөөчү буу отказаны орнотулуп колдонууга берилген.

Эскертүү! Жылуулук менен камсыздоону тездетүү максатында жогорку кабаттарда жашаган тургундарга жылытуу системасынан абаны чыгаруу керектигин жана эшик, терезелерди жылуулоо зарылдыгын эскертебиз.

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости