Жалал-Абад ишканасы штаттык режимде иштеп жатат

15.11.2023

“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалында бекитилген иш чара планынын негизинде, шаардагы баардык отканаларында оңдоо иштери жүрдү. №13 отканасында мазут менен иштеген “Луга” үлгүсүндөгү отказаны эскилиги жетип, иштен чыкканына байланыштуу жаңы “Луга” үлгүсүндөгү отказанына алмашылып, жаныланды.

Ошондой эле, №11 жана №17 отканаларында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүү туташтырууга байланыштуу жана жылуулук сезонунда белгиленген температурада үзгүлтүксүз жылуулук берүү максатында №11 отканасына кошумча бир даана “Стальной” үлгүсүндөгү отказаны жана №17 отканасына эки даана Чүй АКМК ишканасынан алып келинген ВостМ-1,16 отказаны жана №13 отканасына атайын мазут күйүүчү майын эритүүгө Пар иштеп чыгаруучу отказан орнотулду.

Ошондой эле, баардык отканаларында кезек-кезеги менен отказандары толук текшерүүдөн өткөрүлүп, морлору тазаланып, накиптертерден тазаланып, эскилиги жеткен кирпичтери жаныланып,оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Отканалардагы тиешелүү жабдыктар, ачып-жабуу тетиктер, соргуч агрегаттары, үйлөөчү каражаттар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, оңдолду.

№1,2,10,17 отканалардын терезелери эскилиги жеткенине байланыштуу жаңыланды. №7,11,14,16 отканаларында мазут күйүүчү майын төгүп алуу иштерин женилдетүү максатында мазут сактоочу резервуарлары жылытуу каражаттары менен оролуп, жер астына кайрадан орнотулду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости