Устав

1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 29-июнундагы
№ 362 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер
казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин
алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик
ишканасынын
уставы

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызжылуулукэнерго" МИ) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.

 

2. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.

 

3. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин бирдиктүү системасын анын борбордук
аппараты, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү түзөт.

 

4. Толук расмий аталышы:

 

1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы
"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы";

 

2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызтеплоэнерго" при
Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования
Кыргызской Республики".

 

5. Кыскартылган аталышы:

 

1) мамлекеттик тилде: "Кыргызжылуулукэнерго" МИ";

 

2) расмий тилде: "ГП "Кыргызтеплоэнерго".


6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев
көч., 88.

 

7. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт

 

............................................

Толук маалымат алуу үчүн файлды жүктөп алыңыз

Устав (на русском)

Жүктөө

Устав (кыргызча)

Жүктөө