Токмок ишканасында жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө

22.01.2024

Бүгүнкү күндө «Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы элге 2023-2024-жылга карата күз-кыш мезгилине карата жылуулукту үзгүлтүксүз берүүдө.

Токмок ишканасында азыркы учурда абоненттердин саны 9 987 түзөт. Анын ичинен Республикалык жана жергиликтүү бюджеттик уюмдар 30. Алар: ооруканалар, мектептер, бала бакчалар ж.б. Ал эми 195керектөөчүлөр жеке менчик бала бакчалар, дарыканалар, тейлөө жана тамак-аш чөйрөсүндөгү ишканалар болуп эсептелет. Ысык суу алган адамдын саны 7014 түзөт.

Эске салсак, жылуулук мезгилине карата Токмок ишканасында турак үйлөрдүн үй ичиндеги жылуулук түтүктөрдүн системалары боюнча түйүндөрдө жана турак үйлөрдүн жер төлөлөрүндө тетиктер оңдолуп, алмаштыруу жүргүзүлдү, 63 турак үйдө 897,4 м түтүктөр алмаштырылып, аларга 348 клапан орнотулуп, план боюнча иштер аткарылган.

Ошондой эле капиталдык оңдоонун алкагында №2 отканада ДЕ25/14 маркасындагы отказанга капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Жакшы оңдоп-түзөөнүн иштеринин жыйынтыгынын негизинде бүгүнкү күндө жылуулук үзгүлтүксүз берилип элди жылуулук менен камсыздоодо.

Эскертүү! Эгерде батирлерде жана үйлөрдө жылуулук жок болгон учурда, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну суранабыз: авариялык кызмат (шаар) (0557) 557-812, авариялык кызмат (кичи район) (0557) 557-501, кабылдама (03138) 3-30-96.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости