2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында «Таластагы жылуулук камсыздоо ишканасы» филиалында оңдоо иштери жүрүүдө.

05.07.2023

«Таластагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалында 2023-2024 күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында отканаларды оңдоп-түзөө, жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу жана актоо, сырдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Талас шаарындагы №8 отканасында оңдоп-түзөө, жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу иштери аткарылды.

Ошондой эле откананын айланасын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-июнунда Талас шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн майрамдык салтанатта Талас шаарынын өнүгүшүнө зор салымын кошуп,ак ниет эмгектери жана кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаргандыгы үчүн Талас филиалынын башкы инженери Чабалаев Саадабай Накыпович «Талас шаарына 75 жыл» төш белгиси менен сыйланган.

«Кыргызжылуулукэнерго» МИ сы сизди Саадабай Накыпович сыйлыгыңыз менен куттуктап, сизди мындан ары дагы элибиз үчүн эмгектене беришиңизге тилектештигибизди билдиребиз!

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости