Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарчасында 30 жылдан кийин 2 кабаттуу үйлөргө 1-декабрдан тарта кайрадан жылуулук бериле баштады

14.12.2023

Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарчасында 30 жылдан кийин

2 кабаттуу үйлөргө 1-декабрдан тарта кайрадан жылуулук бериле баштады

Маалым болгондой, кечээ, 11-декабрда Таш-Көмүр шаарынын мэри

К.Бектемиров, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Таш-

Көмүр шаарындагы филиалынын жетекчиси Нурлан Атабаев жана башка

бийлик өкүлдөрү жана жай тургундардын катышуусунда шаарчадагы №8

отканасынын ачылуу аземи болуп өттү. Жашоочулар адегенде жылуулуктун

кызматкерлери келгенде алар жылуулук келерине ишенишпегендигин жана ал

учурда жасаган мамилелерине уялып жатышканын айтышып, ыраазычылык

билдиришти.

Калаа башчысы бул да калкты жылуулук менен камсыз кылуунун кадамы

болгонун, электр энергиясын үндөөмдөгө жакшы кадам болоорун,

калаалыктар үчүн таза суу долбоору боюнча иш жүрүп жатканын айтып берди.

Кызыл-Жар шаарчасындагы консервацияда турган №8 откананын имараты

реконструкциялоодон өткен. Шаарчадагы 16 батирден турган 5 көп кабаттуу

үйгө, тактап айтканда 57 абонентке 1-декабрдан тарта жылуулук берилип баштаган. Жакынкы күндөрү көп кабаттуу алтынчы үйгө жеткирилет.

Ошондой эле 140 орундуу бала бакчада борборлоштурулган жылуулукка

уланган.

План боюнча көп кабаттуу 10 үйдү жылуулукка кошуу мерчемделген.

Көп кабаттуу 4 уйдун ички системалары толук даяр болбогондуктан жылуулукка уланган эмес. Андагы кеп кабаттуу үйлөр кийинки жылы уланат.

Таш-Көмүр отканасында 12 откана бар. Анда 27 отказан иштеп, 1400ден ашуун абонентти тейлейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости