Кочкор-Ата жана Кара-Көл шаарларында жылытуу мезгили аяктады

25.03.2024

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы жылытуу мезгилин акырындык менен аяктап жатат

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык 2024-жылдын 20-21 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду:

-«Кочкор-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын 1 отканасы токтоду;

-«Кара-Көлдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду;

Филиалдар алдыдагы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.

 

 

Другие новости

Все новости