Жылуулук толугу менен бериле баштады

27.01.2023

12-январьда каттуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын “Шаарсууканал” мекемесине тиешелүү водозабордон келген ичүүчү суунун токтогондугуна байланыштуу “Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын №1,3,4 отканалары токтогон.

Тез арада өзгөчө кырдаалдан чыгуу үчүн “Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы тарабынан дарыядан суу сордургуч менен отканага чейин суу тартылып алып келинген. Жарылган жылуулук түтүктөрүн тиешелүү адистер ыкчам түрдө таап, оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бүгүнкү күндө суу штаттык режимде берилип, жылуулук толугу менен бериле баштады. Бардык отканалар өз нугунда иштеп жатат.

Другие новости

Все новости