1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктайбыз!

01.05.2023

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктайбыз!

Эмгек - адамзаттын гүлдөп өнүгүшүнө даңгыр жол ачат. Ак эмгек гана адамды көкөлөтүп, сый-урматка бөлөйт. Мамлекетти гүлдөтүп, өнүгүүнүн бийик сересине жеткирет.

Жаздын, тынчтыктын жана эмгектин жаркын майрамы кут болсун!
Ар дайым жасаган ак эмгектен баар таап, мээнетиңиздердин акыбети кайтсын! Май майрамы ар бир үйгө ынтымак жана береке алып келсин. Мамлекетибизде  ар дайым тынчтык, биримдик жана өнүгүү болсун!

Урматыбыз менен,
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жетекчилиги жана жалпы жамааты.

Другие новости

Все новости