Нооруз майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

21.03.2024

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Нооруз жаз майрамы, Кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон жаратылыштын жандануу майрамы.

Баарыңыздарды жаратылыштын ойгонушун чагылдырган, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун символу болгон Нооруз улуттук майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Элибиз үчүн Нооруз майрамын белгилөөнүн кылымдардан бери келе жаткан салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын жана тарыхый өзүн-өзү аңдоосунун тереңдигинин көрсөткүчү, руханий мурасыбыздын байлыгын айгинелейт. Бул майрам биздин жашообузга жаңы чыгармачылык энергия алып келип, өсүү жана өнүгүү үчүн күч-кубат берет.

2024-жыл Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, жетишкендиктердин жана гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун! Нооруз майрамы ар бир үйгө биримдик жана тынчтык, токчулук жана береке алып келсин!

Жалпы Кыргызстан элине жыл бою бакыт-таалай, боорукердик, бакубатчылык жана жазгы маанай каалайм! Жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы бизге үмүт, күч-кубат берсин! Нооруз ар бир үйгө токчулук, молчулук алып келсин

Нооруз майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

Урматтоо менен,

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын башкы директору

Джусупбеков Болот Джаныбекович.

 

Другие новости

Все новости