Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз!

07.11.2022

Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Эл даанышмандыгы: «Өткөнүн билбеген элдин келечеги жок» дейт.

Ата-бабаларыбыз оор сыноолорду баштан кечирип, кылымдар бою элибиздин атын, байыркы тилибизди сактап, эгемендүү Кыргызстанды калыптандырууга жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүшкөн.

 

Бул күндөрү биз ата-бабаларыбызга таазим этип, алардын элесин ыйык тутуп, өлкөбүздүн келечеги үчүн алардын алдындагы тарыхый жоопкерчиликти сезебиз!

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз!

Жерибизде тынчтык, ынтымак болсун!

 

Ошондой эле, албетте, бардык журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз.

Оор, бирок кызыктуу жана өтө маанилүү ишиңизге чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалайбыз!

 

Урматтоо менен,

«Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жетекчилиги жана жалпы жааматы.

Другие новости

Все новости