Майлуу-Суугадагы №3 отканага түтүктөр орнотулуп, артезиян суусу жеткирилди

02.08.2023

Майлуу-Суугадагы №3 отканага түтүктөр орнотулуп, артезиян суусу жеткирилди

Кыргыз Республикасынын Энергетика минисрлигине караштуу “Кыргызжлуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын «Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын күз-кыш мезгилине карата аткарып жаткан иштеринин алкагында Майлуу-Суугадагы №3 отканага түтүктөр орнотулун, артезиян суусу жеткирилди.

Эске салсак, 2023-жылдын 13-январында күтүүсүз аба-ырайынын суукташынан улам, Майлуу-Суудагы шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу түтүктөрү тоңуп, шаар суусуз калган. Мындан улам Майлуу-Суу шаарында “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, шаардын бардык кызматтары күчөтүлгөн тартипте ишин жүргүзүшкөн.

“Өзгөчө кырдаал” абалы киргизилгенден тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрөгасы А.Жапаров Энергетика министрлигине Майлуу-Суудагы №3 откананы резервдик суу менен камсыз кылуу, артезиан суусун тартып келүү жана калыбына келтирүү боюнча тапшырма койгон.

Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, диметри 150мм, 1335метр, диаметри 219мм 265метр түтүктөрү сатылып алынып, орнотуу иштери аяктап, №3 отканага артезиян суусунун түтүктөру тартылып жеткирилди. Артезиян суусу түтүккө кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми майда-барат жумуштары толугу менен 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бүткөрүлөт.

№3 отканага түтүктөрдү орнотуп, артезиян суусу жеткирүүнүн жалпы суммасы 2,7 млн.сом акча каражатын түздү. Бул долбоор мамлекет тарабынан ишке ашырылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости