Тоголок Молдо көчөсүндөгү түтүктөрдү алмаштыруу иштери уланууда

23.05.2023

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
 

Учурда “Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында активдүү түрдө ремонт иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Тоголок Молдо көчөсүн бойлото жылуулук магистралында эски түтүктү жаңы Д 250 түтүкчөсүнө алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Жашоочулардын коопсуздугу үчүн бул аймак курчоого алынып, белги коюлган.

Урматтуу жарандар! Бул аймакта сак болуңуз, өзгөчө түнкүсүн. Ыңгайсыздык жаралган үчүн кечирим сурайбыз!