Ишкана унаапарктарын жаңылоону улантууда

16.01.2023

23-жылы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы унаапаркты жаңылоону улантууда. Ал эми бул иш-чаранын алкагында дагы 2 атайын техника алынды.
 


Бүгүн, 2023-жылдын 16-январында жаңы эки JAC үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын эки филиалга тапшырылды.
 


Алар:
— “Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колонна" филиалына 1 даана;
— "Караколдогу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалына 1 даана.

 


Эскерте кетсек, 2021-2022-жылдары Соболь маркасындагы 2 жаңы унаа, 3 жүктөгүч, 2 экскаватор, ошондой эле
«Шакман» үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаасы сатып алынган. Бул тизме бүгүн “JAC” маркасындагы 2 унаа менен толукталды.

 

 

 

 

 

 


 

Другие новости

Все новости