9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктаймын!

09.05.2023

Урматтуу Кыргызстандын жарандары!

Кымбаттуу ардагерлерибиз!

Сиздерди өзүмдүн жана «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жалпы жамаатынын атынан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм!

Баарыбыз үчүн бул эң маанилүү, эң кымбат майрам. Биз аны ар дайым салтанаттуу жана эл алдында белгилейбиз.

Улуу Жеңиш майрамы – биздин сыймыгыбыз, өлкөбүздүн жана ар бир үй-бүлөнүн тарыхы, ата-энелерибиз, чоң аталарыбыз, чоң энелерибиз бизге калтырып кеткен жан дүйнөбүздүн бир бөлүгү.

Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө.

Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болушуна тилектешмин.

Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун, мекендештер!

Другие новости

Все новости