Токмок жана Кант шаарларында заманбап отканалардын ачылыш аземи болуп өттү (ФОТО)

20.12.2022

Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы тарабынан Токмок жана Кант шаарларында заманбап отканалардын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басары Мирлан Жакыпов жана “Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору Болот Джусупбеков катышты.

Жаңы салынып бүткөн 11 откана Кант шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан. Анын курулуш иштери 2021-жылы башталып, бир жыл аралыгында 28 492 млн сомго бүткөрүлдү. Ишке кирген бул откана учурда 8 имаратты:
13а, 14а, 15а, 19а, 19б, 20а, 21а, 22а үйлөрүн же 330 абонентти жылуулук менен камсыз кылат. Мындан тышкары аталган аймакта курулуп жаткан 5 кабаттуу 3 турак жайга туташтырууга техникалык шарттар берилди.

Учурда Кантта жалпы отканалар 4200 абонентти жылуулук менен камсыздаса, анын ичинен жаңы бүткөрүлгөн 11-откана 330 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Муну салуунун негизги максаты 100% максималдуу жүктө иштеп жаткан 9-откананын жүгүн жеңилдетүү жана калкка сапаттуу жылуулук берүү.

Канттагы "Жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 13 откана 41 000 Гкал кубаттуулугу менен жылуулук берет. Анын ичинен жаңы салынган 11-откана 900 Гкал кубаттуулук берет.

Ошондой эле, "Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасынын" филиалында жаңы салынган блок-модулдук 0,8 МВт автаномдуу откананын ачылыш аземи болду.

Откананы куруу иштери 2020-жылы башталып быйыл ишке берилди, жалпысынан курулушка кеткен чыгымдын суммасы 19 млн сомду түздү.

Жаңы бүткөрүлгөн 6-откана Токмок шаарынын Ибраимов, 2 көчөсүндө жайгашкан. Откана (Ибраимов 2) Горькова көчөсүндө жайгашкан 1 көп кабаттуу үйдү (блок) жана Жантаев көчөсүндө жайгашкан 2 көп кабаттуу турак жайларды (блок) же 150 абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

“Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында 5 откана 163,29 Гкал кубаттуулугу менен жылуулук берет. Ал эми жаңы салынган №6 откана 0,4 Гкал кубаттуулукту берет.

Азыркы тапта 10 000 абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости