Кара-Балтада 3-4-ноябрьдан баштап жылуулук бериле баштады

05.11.2023

Ишкана жылытуу мезгилине 100% даяр болуп 3-ноябрдан баштап ЖЭС жана “Буудай” отканасында, ал эми 04-ноябрьда “Шопоков”,”Центральная” отканаларында жылуулук берилип баштады.

Бардык отканалар, көмөкчү жабдуулар оңдоп-түзөөдөн өткөн:

Отказандардын агрегаттын чаң системасын оңдоо, агрегаттын аба жылыткычтарын оңдоо, агрегатты жылуулоо, оңдоо жана дубалын көтөрү, турбогенераторду оңдоо, сууну химиялык тазалоо жана химиялык контролдоо системасын оңдоо, мазут бактарын оңдоо иштери жүрдү.

Ошондой эле, жылуулук тармактары гидравликалык сыноодон өткөрүлдү,узундугу 2100,0 метр жылуулук тармактарынын бөлүктөрү алмаштырылды

Оңдоп-түзөө иштеринде “Буудай” отканасында - 18 м3 көлөмдөгү резервуар кошулган.

Ал эми, борбордук буу отказанында морлордун кеңейтүүлөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүп, БРАТСК-1Г отказандарына эки жаңы от күйүү камерасын жасап, орнотулду.

Жаңы приборлор орнотулду, жаңы электр өлчөө түзмөктөрү оңдолуп,

Шопоков атындагы отканада морлордун кеңейтүүчүлөрүн оңдоо иштери жүргүзүлдү

жана көптөгөн башка жумуштар аткарылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости