Таш-Көмүр ишканасында жылуулук берилди
“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишкансынын Таш-Көмүр ишканасында 14-ноябрьдан баштап жылуулук берилди.
Ишканада төмөнкү иштер аткарылды:
1) Таш-Көмүр шаарында жайгашкан, 2023-жылдын январь айынан баштап консервацияда турган № 7 “ЦТП-5” отканасы кайра калыбына келтирилип (реконструкцияланып), 2 көп батирлүү 5 кабаттуу үйдү жылуулук энергиясы менен камсыздап баштаган;
Жаңы кошулган көп кабатту үйлөргө жылуулук түтүктөрү тартылып, монтаждалып, жылууланды.
2) № 6 “Токтогул” отканасы тарабынан жылытылган үйлөргө кеткен түтүктөр толугу менен жылууланды.
3) Таш-Көмүрдөгү № 1 отканасындагы эскилиги жеткен сордургуч (насос) жаңыланды.
4) Шамалды-Сай шаарчасындагы Темир-Жол № 2 отканага 52 батирлүү 1 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылуулук системасына кошулду.
5)Шамалды-Сай шаарчасындагы № 1 отканасынан шаарчанын мечитине теплотрасса тартылды.
6) Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан № 3 откананын ичиндеги эскилиги жеткен отказан оңдолду.