Ош ишканасында элге жылуулук берилип, штаттык режимде иштеп жатат

14.11.2023

Ош филиалында 06-ноябрдан баштап 1 откана (Онкология), калган отканаларда 10-11 ноябрдан баштап жылуулук бериле баштаган.

Кышка даярдыктарды Ош ишканасы жай бою талыкпастан иштеп Араван,Кара-Суу, Өзгөн, Кызыл-Кыя участкалары боюнча магистралдык жылуулук түтүктөрдү жылуулоо, отканаларды актоо, сырдоо, ачып-жабуучу тетиктерди, жаңы соргучтарды орнотуу, магистралдык түтүктөрдү тартуу, жабдыктарды орнотуу, тармактык сордургучтарга орнотуу үчүн клапандарды текшерүү, электр чынжырларын жаңылоо, откананын чатырын жаңылоо иштери аткарылып, ушул эле жумуштар Өзгөн участкасында жасалып, андан сырткары Манас көчөсүнө магистралдык жылуулук түтүктөрдү жер астынан жер үстүнө чыгарып тартуу, жабдыктарды орнотуу, жумуштары жүргүзүлдү. Ушул эле иштер Аскердик бөлүк 2024 №14 отканасында да аткарылды.

Ошондой эле, откананы сырдоо, тармактык сордургучту жаңы орнотуу, электр чынжырын эки тараптан алуу жана башка жумуштары аткарылды.

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости