Бүгүнкү күндө Кант ишканасы калкка жылуулук берүүдө
Азыркы учурда “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекетик ишканасынын “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында 13 откана бар, анын ичинде:
7 откана - мазут,
2 откана - көмүр менен,
2 откана - электр энергиясы менен,
2 откана - газ менен иштейт.
Кошумчалай кетсек, «ТШП» ААКдан сатылып алынган жылуулук энергиясы Кант шаарындагы 2-3 кичи райондорду жылытууга жумшалууда.
«Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалында 2023-жылы көптөгөн
оңдоп-түзөө иштери жүрүп даярдыктар көрүлгөн.
№4 отканада диаметри 720 болгон 27 метрдик мор түтүгү “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” филиалы тарабынан алмаштырылды. Ошондой эле №1 отканада 2 тармактык сордургуч алмаштырылды.
Андан сырткары капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштери планга ылайык жүрдү. 2023-жылдын 06-ноябрда калкка жылуулук бериле баштаган. Азыркы учурда штаттык режимде иштеп жатат.
Кант ишканасы боюнча сатып алынган жылуулуктан баш тартуу планына ылайык, Кант шаарынын 2-3 кичи райондорун жылуулук менен камсыздоо үчүн эки газ откана курууну пландоодо. Бүгүнкү күндө Кант шаардык мэриясынын павильондору демонтаждалып, топографиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Келечекте комиссия жер бөлүп берүү маселесин карайт.