Орловка ишканасындагы №2 отканасында жылуулук бериле баштады
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка ишканасында 2023-2024-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн төмөндөгүдөй оңдоп-түзөө иштери аткарылып бүгүнкү күндө №2 отканасында жылуулук берилип иштеп жатат.
Кышка даярдыктарды Орловка ишканасы жай бою талыкпастан иштеп төмөнкү жумуштар аткарылды:
№2 отканасы боюнча
Орловкадагы №2 отканага Россия Федерациясынын Бийск шаарындагы Бийск отказандарды даярдоочу заводдон ДКВр-20/13 маркасындагы 1 даана отказан алынып келинип, бүгүнкү күндө отказанды орнотуп монтаждоо иштери 100% бүтүп, текшерүүдөн өтүп, ичин жана сыртын жабуу иштери аяктады жана ошондой эле өлчөөчү приборлор орнотулуп, жардамчы жабдыктардан желдеткичтер, жаап ачуучу жапкычтар орнотулду.
- “НМШ” Мазут кабылдагычка 1 даана өткөрүп берүүчү соргучун орнотуу;
- Ачып-жабуучу тетике - 2 даана мазут кабылдагычтарга орнотуу;
-Жаңы мазут линиясынын 10 м жылуулоосу;
-Буу генераторун мазут линиясына киргизүү - жер астындагы мазут багын жылытуу:280 куб
-Ачып жабуу тетигин алмаштыруу;
№3 отканасы боюнча:
Күл төгүүчү жайды тазалоо жана даярдоо.
Откананын терезе рамаларын оңдоо жана жылуулоо.
Ду100 мм жабуу клапандарын орнотуу иштери жүрдү.