Беловодский ишканасында отканаларга жалпысынан 6 жаңы отказан орнотулду

01.11.2023

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” филиалынын балансында 18 откана жана мазут сактоочу жай бар.

Бүгүнкү күндө абоненттердин саны бүгүнкү күндө 2863 бирдикти түзөт, анын ичинен 46 бюджеттик уюмдар – мектептер, бала бакчалар жана башкалар, башка керектөөчүүлөр 77 бирдик - тейлөө жана тамак-аш өнөр жай ишканалары.

Жылытуу мезгили аяктагандан кийин отказандарды жана откананын жабдууларын оңдоо үчүн дефект протоколдору түзүлгөн.

Отканаларга жалпысынан 6 жаңы отказан орнотулду.

6 даана газ күйгүзүүчө блокторун сатылып алынды.

Жалпы аянты 62,9 м³ болгон пластик терезелер даярдалып орнотулду.

Жылытуу аралык мезгилдин ичинде ишканада сантехникалык, курулуш жана электр монтаждоо жумуштарын ремонттоо боюнча бригадалар тузулгөн. Откананын жабдууларын жана жайларын оңдоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле 344 метр жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүп дагы кошумча төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

- отказандарды оңдоо, тазалоо жана басымды текшерүү;

-сордургучтарды, электр кыймылдаткычтарын, желдеткичтерди жана түтүн соргучтарды оңдоо;

- өчүрүүчү клапандарды оңдоо жана алмаштыруу;

- жарык берүүчү жана электр приборлорун оңдоо;

- откананын чатырын оңдоо;

- жалпы курулуш иштери (шыбактоо, дубалдарды актоо, сырдоо);

Азырык учурда отканаларда оңдоо иштери толугу менен аяктап кыш мезгилине даяр.

2024-жылы оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жылуулук түтүктөрүн учурдагы оңдоо иштери пландаштырылган, ошондой эле эки көмүр отказан жана 3 экономайзерди алмаштыруу пландалууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости