Таш-Көмүр шаарындагы көп кабаттуу үйлөр жылуулук системасына кошулду

02.02.2023

Азыркы учурда “Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы жылуулук менен камсыздоо системасына жаңы абоненттерди активдүү түрдө кошууда.

Алсак, Таш-Көмүр шаарындагы курулуш кичи районунда №10 көп кабаттуу үйдүн батирлерин борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу иштери жүрүп жатат.
Көп кабаттуу үйдө 70 батир бар.

Ошондой эле, аталган шаардын курулуш кичи районундагы №11,20 көп кабаттуу үйлөргө жылуулук системасын туташтыруу алдында.

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости