«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы жылытуу мезгилин акырындык менен аяктап жатат
Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык 2024-жылдын 15-17-18 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду:
-«Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын 6 отканасы токтоду,калган 3 откана иштеп жатат;
-«Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын бардык отканалары токтоду;
-«Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду;
-«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду;
Эскерте кетсек, эгерде 5 күн катары менен термометр боюнча орточо суткалык температураны +8 градустан жогору кɵрсɵтсɵ, жылуулук беруу токтотулат.
Филиалдар алдыдагы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.