"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы эл кызматында!

21.07.2023

“Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы жылытуу мезгилине 70 пайыз даяр

Кыргыз Республикасынын Энергетика минимстрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» МИси 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык ишин графиктин алкагында аткарууда.

Бүгүнкү күндө “Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы жылытуу мезгилине 70 пайыз даяр. Учурда бекитилген иш- чаралардын планына ылайык, төмөнкү иштер аткарылды:

№1 отканада ДЕв 10/14 отказанына жана №68 V=400м³ аккумулятордук челекке капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү;

№2 отканада ДКВР 20/13, ДЕв 25/13 отказанына капиталдык оңдоп-түзөө иштери;

Мындан тышкары, бардык участоктордо отканалардын жана жылуулук пункттарынын негизги жана көмөкчү жабдуулары оңдолуп, калыбына келтирилди.

Алардын катарында Д32мм ден Д250ммге чейинки эскирген ЗРА (өчүрүү жана башкаруу клапандары) оңдолду жана алмаштырылды -соргучтар, түтүн соргучтар жана желдеткичтер текшерилди жана оңдолду.

-№1,2,3,6 отканалардагы ГРП менен ГРУ жабдуулары кайра каралып, фильтрлер, ЗРА ревизияланды, мембраналар тазаланып жана үйлөтүлдү, Д100мм, Д150мм ПКН жана РДУК майланды.

Ал эми учурда аткарылып жаткан иштердин катарын төмөнкүлөр толуктады:

- №2 отканада сууну химиялык тазалоо (ХВО) фильтри (ИНВ №83) менен туз чарбасы капиталдык оңдоодон жатат ( туз салынуучу түтүктөрдү алмаштыруу, аккумулятордук бак менен туздун резервуарын алмаштыруу).

-№1,2,3 өндүрүштүк участокто жана №3 отканадагы–мазут чарбасынын жабдууларына ревизия жүргүзүлүүдө.

- Жылуулук тармактарындагы авариялык участоктордо түтүктөр алмаштырылып, эскирген ЗРА алмаштырылып, калыбына келтирүүчү оңдоо иштери жүрүп жатат.

- №4 өндүрүштүк участоктогу кыштардан жасалган мор металлга алмаштырылууда.

-№1 отканада чатыр курулуп жатат.

- Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү маанилүү объектилерден болду. Ал жылуулук түтүктөрү райондогу ал №12 орто мектепти, №5 бала бакчаны, МУЦА университетин, 30 батирлүү көп кабаттуу үйдү жана 28 жеке турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Бул участоктогу эскилиги жеткен түтүктөрдү жаңылары менен алмаштырып, капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери аяктап жатат.

“Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” тарабынан алдыга аткарыла турган иштер бар. №3 отканадагы ДКВР 20/13 отказанына капиталдык ремонт жүргүзүү, №1,2,3,4 отканадагы КИП жана автоматика жабдууларын жана эсепке алуу приборлорун мамлекеттик текшерүү жана №1,2,6 отканаларындагы жылуулук алмаштыргычты алуу жана алмаштыруу иштери күз-кыш мезгилине чейин аткарылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости