«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Джусупбеков Б. Дж., «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Мамбеталиев Т.И. жана бөлүм башчылар Каракол шаарында иш сапары менен болушту.

14.09.2023

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Джусупбеков Болот Джаныбекович, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Мамбеталиев Таалай Ишенбаевич жана бөлүм башчылар Каракол шаарында иш сапары менен болушту. “Караколдогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын Кашка-Суу кичи районунун тургундары менен жолугушту. Караколдогу ишкананын отканаларынын суук мезгилге даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин сапаты менен да таанышышты.

Бүгүнкү күндө бардык отканаларда от казандарды жана көмөкчү жабдууларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. «ВОССТ М» маркасындагы ар турдуу кубаттуулуктагы 9 жаны казан. No 1,5,20,22,28 отканаларда «Универсал» жана «Энергия» от казандары демонтаждалган.

№1,5,20,22 Отканалары демонтаждалган отказандардын ордуна ВОССТ-М-0,4 маркасындагы 4 даана отказанына алмаштырылган, ал эми №3,6,27,28 отканаларында ВОССТ М-0,8 маркасындагы 4 даана отказандарына алмаштырылды жана № 24 отканага ВОССТ М-1,16 маркасындагы 1 отказан алмаштырылды.

«Кашка-Суу мектеп” отканасы жаңыланууда, буга байланыштуу «ВОСТ М-0,8 МВт» жана «ВОСТ М-1,16 МВт» маркасындагы 2 от казан орнотулду, анткени бизде 1 откана кошулган. жылуулуктун, катуу отундун жана электр энергиясынын чыгымдалышы пландан тышкары өсүп жатат.

Эскертүү: Кашка-Суу мектебинин отканасына орнотулган ВОСТ М-0,8 МВт отказаны мурда №27-Королькова отканасына орнотулган. Зарылчылыкка байланыштуу ал демонтаждалып, учурда от казан орнотулууда. № 27 отканада ВОСТ М-0,8 МВт отказанынын ордуна ВОСТ М-1,16 МВт отказанын орнотуу иштери башталды.

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости