Таш-Көмүр ишканасы күз-кыш мезгилине 80 пайызга даяр

09.08.2023

Таш-Көмүр ишканасы күз-кыш мезгилине 80 пайызга даяр

2023-2024-ж.ж. жылуулук менен камсыздоо мезгилине даярдыктарды көрүү, отканаларды, отказандарды, негизги жана жардамчы жабдууларды утурумдук оңдоп түзөө иштери бекитилген иш мерчемге ылайык, белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатат. “Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын 11 отканасынын ичинен 8 откана оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп күз-кыш мезгилине даяр. Тактап айтканда: Таш-Көмүр участкасына караштуу 4 откана: № 4 “Мира” , №2 “СШ № 4” , № 6 “Токтогул”, № 3 “Новостройка”, №1 «Северный» отканалары, Шамалды-Сай участкасына караштуу 3 откана: Шамалды-Сай -1, Шамалды-Сай-№2, Шамалды-Сай-№3 отканалары ыштардан тазаланып, отканалардын ичи сырты акталып, сырдалып жылуулук берүү мезгилине толук даяр. Шамалды-Сай -1 отканасына караштуу Д-219 – 60м, Д-159 – 110м жылуулук өткөрүүчү түтүк, Шамалды-Сай-№2 отканасына караштуу Д-219 – 94м, Д-159 – 86м, Д-108 – 100м, Д-76 – 52м жылуулук өткөрүүчү түтүктөр алмаштырылды.

Бардык отканаларда от жагуучуларга жумуш ордунда жакшы шарттарды түзүп берүү максатында заманбап үлгүдө жуунуучу жайлар (душевые) оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп даярдалды.

Калган отканаларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, ушул жылдын 1-сентябрына чейин толук даяр болот.

«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалына караштуу 11 отканада 23 отказан бар, отказандардын 1986-жылы коюлуп ишке киргизилгени бар, 2001, 2007, 2020, 2021, 2023-жылдар ишке берилген отказандар иштейт.

Жалпысынан « Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалына караштуу 14029 м жылуулук өткөрүүчү түтүктөр бар.

«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалы жалпысынан 11 отканада 5 мектеп, 5 бала бакча, ШИИБ, шаардык Мэрия, Шаардык сот, ШББ, калкты жумуш менен камсыз кылуу борбору, шаардык статистика бөлүмү жана шаардын калкынын 889 үй (абонент) жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздап келген, 2023-жылдын январь айынан баштап консервацияда турган “ЦТП-5” отканасы реконструкцияланып, 2 көп батирлүү 5 кабаттуу үйдү жылуулук энергиясы менен камсыздап баштады, 2023-2024-жж күз-кыш мезгилинде дагы 3 көп кабаттуу үйгө жылуулук энергиясын берүү пландалууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости