“Кочкор-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы жылуулук бере баштады

03.11.2022

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын 14.08.2022жылдын №154 сандуу буйругунун негизинде жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы №262-б сандуу буйругунун негизинде, 3-ноябрдан тарта “Кочкор-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы бюджеттик мекеме-уюмдарга, көп кабаттуу турак жайларга жылуулук бериле баштады.

 

Жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу этап менен ишке ашырылат. Биринчи кезекте социалдык объектилер, андан кийин көп кабаттуу турак жайларга бериле баштайт.

 

Урматтуу кардарлар!

 

Үйүңүздөгү жылуулук приборлордогу абаны чыгаруу зарыл экенин эскертебиз. Бул чара жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыздоо процессин тездетет.

 

 

Другие новости

Все новости