Азыркы учурда Кара-көл ишканасында жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө

15.11.2023

Бүгүнкү күндө, “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көлдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы” жай бою талыкпастан эмгек кылып кышка камданышты. Ишканада төмөнкү иштер аткарылды:

-Электротканалар боюнча 14 электр отказан жана жардамчы жабдыктар толугу менен капиталдык, кезектеги оңдоодон жана жогорку чыңалуудагы текшерүүлөрдөн өткөрүлдү;

- Сабиров көчөсүндө №69-үйдөн №75-үйгө чейин Ø108мм узундугу 277м болгон жылуулук түйүндөрү капиталдык оңдоодон өтүп 100% аткарылды;

- Ленин көчөсүндө №8-үйдөн (магазин Восток) №6-үйгө (кафе “Эдельвейс”) чейин Ø159мм узундугу 155м болгон жылуулук түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өтүп 100% аткарылды;

- “Тавашаров” электротканадан Ленин көчөсүнүн №8-үйүнө (магазин Восток) чейин Ø159мм узундугу 792м болгон жылуулук түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өтүп 100% аткарылды;

- Ленин көчөсүндө №2а-үйдөн №6-үйгө чейин Ø108мм узундугу 30м болгон жылуулук түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өттү;

- Ленин көчөсүндө №6-үйдөн (4 блок) оорукана №1ге чейин Ø25мм узундугу 65м болгон жылуулук түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өттү;

Азыркы учурда 14-ноябрдан баштап Кара-көл ишканасында жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости