«Беловодскдеги райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы» филиалы күчөтүлгөн режимде ишин улантууда

20.01.2023

«Беловодскдеги райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы» филиалы күчөтүлгөн режимде ишин улантууда. Жылуулук үзгүлтүксүз берилип жатат.
Кардарлардан нааразычылык, арыздар жок.

Бардык объектилерде күнү-түнү кошумча нөөмөт уюштурулган. Тиешелүү адистер жарылган жылуулук түтүктөрдөн агып жаткан сууну тез арада таап, оңдоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, калк арасында филиалдын кызматкерлери тарабынан жылуулук жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Другие новости

Все новости