КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРАК ЖАЙ КОДЕКСИ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 9-июлу N 117
КР 2013-жылдын 9-июлундагы N 118 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы N 100, 2017-жылдын 12-декабрындагы N
207 (12) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм
Жалпы жоболор
1-глава
Негизги жоболор. Турак жай мыйзамдары

 

1-берене. Негизги терминдер жана аныктамалар

Убактылуу тургундар - турак жайдын менчик ээси аларга мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фонддорунун үйлөрүнөн акы албастан турак жайда мөөнөттүү жашоо укугун берген жарандар;


аскер шаарчасы - бир жер участогунда жайгашкан жана аскер бөлүгүн (мекемесин) батирлештирүү жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары жабык жана ачык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу конуштарда жайгашкан, өткөрүү тутуму бар аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу конуштардан сырткары жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет;


турак жайдын турак аянты - турак жайдагы чарчы метр менен эсептелинген турак бөлмөлөрүнүн аянттарынын суммасы;


турак жайы - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бир бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир; коммуналдык батир; коммуналдык батирдеги бөлмө; адистешкен турак жай фондунун үйлөрүндөгү бөлмө, көчмө турак жай фондунун турак үйү); 


кызматтык турак жайы - мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү, тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган жана алардын эмгектик мамилелеринин мүнөзүнө, ошондой эле аскердик же башка кызматты өтөөсү, иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашоо керектиги менен байланыштуу жарандарды жайлаштыруу үчүн арналган турак жай;

............................................

Толук маалымат алуу үчүн файлды жүктөп алыңыз

ЖИЛИЩНЫЙ КОДЕКС КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Жүктөө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРАК ЖАЙ КОДЕКСИ

Жүктөө