Нарын шаарына берилүүчү жылуулуктун температруасы атайын жабдык менен текшерилди

16.02.2023

15-февралда “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалы жана жылуулук боюнча көз карандысыз эксперт Айбек Аскарбеков Нарын шаарындагы бир канча мекеме-ишканалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн жана мектеп менен бала бакчалардын жылуулугун атайын жабдуу (тепловизор) менен текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Ынтымак" бала бакчасынын жыгач терезеси менен желим (пластик) терезеси, Ленин 75 жана Кулумбаев 41 көп кабаттуу үйүлөрдүн кире бериш эшиги (подъезд), ошондой эле сыртка жайгашкан жылууланган жылуулук түтүктөрү менен жылууланбаган жылуулук түтүктөрүнүн жылуулук
жоготуусунун температуралары ченелди.

"Негизинен текшерүү учурунда тепловизордун жардамы менен төмөнкүдөй тыянакка келдик. Жакшы жылууланган жылуулук берүү түтүктөрү - 10°©️ге чейин жылуулукту жоготсо, жакшы жылууланбаган жылуулук түтүктөрү - 20°©️ден жогору жылуулукту жоготот экен. Ал эми жакшы жылууланбаган эшиктер менен подъездерде -0°©️ температура болсо, жылууланган подъездерде үйдөгүдөй жылуулук сакталат экен."- деди Айбек Аскарбеков.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы айтып тургандай, ар бир көп кабаттуу үйдүн жашоочулары өз подъездерин жакшылап карап, эшик-терезелерин жылууласа, жылуулук берүү да ошончолук натыйжалуу болору шексиз.

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости