Боордош түрк элине жардам: Ишкананын бардык жамааты бир күндүн айлык маянасын которду

11.02.2023

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшөт.

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы жана анын республика боюнча филиалдарынын эмгек жамааты Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга кол сунат.

Кыйын кырдаалда каржылык жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү депозиттик эсепке ишкананын башкы директору Джусупбеков Болотбек Джаныбекович башында турган жалпы эмгек жамааты бир күндүн айлык маянасын которду.

Түрк элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык каалайбыз жана ылайым тынчтык өкүм сүрүп, ар бир үйдө жылуулук болуп, жараткан кайгылуу окуялардан алыс кылсын.

Другие новости

Все новости