Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз!

23.02.2023

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт!

Кылымдан ашык убакыттан бери 23-февраль биздин негизги баалуулуктарыбызды: мекенчилдикти, Ата-Мекенди коргоону, эрдикти жана бейпил жашоого болгон үмүттү символдоштуруп келет. Бул турмуштук баалуулуктар өз эмгеги жана таланты менен мамлекеттин күчүн чыңдап, улуттук кызыкчылыкты коргогон өлкөбүздүн бардык тургундарын бириктирет.

Ата Мекенди коргоочулар күнү менен Кыргызстандын элин, албетте, эркектерди – коомдун жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө күнүмдүк эмгеги менен салым кошуп жаткан ар бир жарандарды куттуктайбыз.

Сиздерге чын жүрөктөн ийгиликтерди, жакшылыкка умтулууну, жаңы жеңиштерди, ден соолукту, туруктуулукту жана бакубатчылыкты каалайбыз!

Эр жүрөк адамдардын бул майрамы ар дайым бейпил жана шаңдуу болсун!

Другие новости

Все новости