Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен!

22.12.2022

Урматтуу кесиптештер!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар болгон Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктайм!

 

Электр менен жылуулук тиричиликте да, иште да жана эс алууда да пайдаланабыз, ансыз күнүмдүк ишибизди элестетүү кыйын. Маалыматтык кылымдын келиши жана өндүрүштүк иштин автоматташтырылышы менен жүгүртүү күчөгөндүктөн, электр энергетиканын ролу Кыргызстандын экономика тармактарында жогорулады.

 

Урматтуу кесиптештер, кесипти мыкты билгендигиңер, жоопкерчиликтүү жана ырааттуу иштегениңерден улам энергетикалык комплекс республиканын калкын жарык жана жылуулук менен камсыздоо боюнча маанилүү миссиясын аткарып жатат.

 

Өзүңүздөр көрүп тургандай жылуулук тармагы күндөн күнгө өнүгүп жатат. Жылдан жылга чоң долбоорлор болуп аткарылып жатат.

 

Сиздердин таалыкпас эмгегиңиздердин арты менен ушундай дэңгээлге жетишип жатабыз.

 

Сиздер ар бир кыргызстандыктын үйүндөгү жарык жана жылуулук үчүн чоң жоопкерчиликти сезип, кесиптик майрамыӊыздарды жумуш ордуӊуздарда тососунар ардайым.

Бул ак ниет эмгегиниздерге өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

 

Мындан ары да өлкөбүздүн эртеңки күнгө ишенимдүү кадам таштоосу үчүн Мекендин чыныгы атуулу катары жаңыча көз караш, жаңы шык-дем менен иштешиңерди каалайм. Элибиздин койгон талабы, күткөн үмүт-тилеги дагы дал ушундай!

 

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

 

Ошондой эле, Урматтуу кесиптештер!

 

Келе жаткан жаңы жылыныздар менен куттуктайм! Жаңырган 2023-жаңы жылыбыз ар бир үйгө токчулук, молчулук, ырыскы, береке, бакубатчылык алып келсин! Ар бир шилтеген кадамынарды ийгилик коштосун, үйүңүздөрдө жакшылык эч кетпесин, жамандык кууп жетпесин! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм.

 

Урматым менен мен Джусупбеков Болот Джаныбекович.

Другие новости

Все новости