Раззаков атындагы КМТУнун студенттери үчүн экскурсия болуп өттү

29.05.2023

2023-жылдын 26-майында "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалынын базасында “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы инженери Мамбеталиев Таалайбек Ишембаевич жана филиалдын башкы инженери Муратов Олег Анатольевич И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери үчүн таанышуу экскурсиясы болуп өттү.

Окуучуларга ЖЭБ, «Буудай», «Шопоков» газ отканалары көрсөтүлдү.
- Кара-Балта шаарынын ЖЭБи шаардын социалдык объектилерин жана жогорку бөлүгүндөгү калкты жылуулук энергиясы менен камсыздайт, ошондой эле электр энергиясын иштеп чыгат, бөлүштүрөт жана өткөрөт.
- «Буудай», «Центральный», «Шопоков» жана «Апросах» газ отканалары 1,9 орто мектептерди, «Нур Бешик» бала бакчасын жана шаардын төмөнкү бөлүгүндөгү турак-жай имараттарын жылуулук менен камсыздайт.

ЖЭБдин базасында студенттер отун менен камсыз кылуу принциби менен таанышып, откананын түзүлүшүн, ошондой эле ЖЭБдин турбиналык бөлүмүнүн иштеп жатканын көрүштү. Газ казандарынын маркаларын көрүштү жана алардын иштөө принциби менен таанышышты.

Жыйынтыгында окуучуларга ЖЭБ-К 110/35/6 кВ ачык бөлүштүргүч (открытое распределительное устройство) көрсөтүлдү. Бул көмөкчордон Кара-Балта шаарынын жогорку бөлүгүндөгү, Алексеевка айылына карай жана Суусамыр өрөөнүнө, анын ичинде Төө-Ашуу ашуусундагы керектөөчүлөр үчүн Кыргызстандын Улуттук электр тармактарына электр энергиясын бөлүштүрөт жана өткөрөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Другие новости

Все новости